Ош менен Бишкекте мамлекеттик кризистик борборлордун түзүлүшү күтүлүүдө

Өлкөнүн вице премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Бишкектеги «Сезим» кризистик борборунун иши менен таанышып, анда баш калкалаган мекендештерден кабар алды. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн сайты жазды.

Иш сапарынын алкагында Алтынай Өмүрбекова кризистик борбордо баш калкалаган аялуу катмардагы кыз-келиндер жана балдар менен жолугушуп, алар туш болгон зордук-зомбулук кылмыш экендигин түшүнүүгө чакырды.

«Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук – бүтүндөй коомдун көйгөйү. Кылмыштуулуктун бул түрү өтө кооптуу экендигин баарыбыз моюнга алып, мындан арылууга тиешелүү кызматтар гана эмес, бүтүндөй коом аракет жасашы абзел”,- деди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр билдиргендей, Бишкек жана Ош шаарларында жакын арада эки мамлекеттик кризистик борбор ачылат. Бул мезгил талабы.

«Өзүбүз билгендей, учурда коомдо аялдар менен балдарга болгон жаман мамиле күн санап көбөйүп жатат. Андыктан, КР Өкмөтү комплекстүү иш-чаралардын планын бекитип, учурда өлкө аймагында «Зордук-зомбулукка каршы 180 күн» кампаниясы өтүп жатат. Андан тышкары мамлекеттик деңгеээлде иш алып бара турган кризистик борборлорду түзүү планы да каралып жатат . Ошондой эле бардык шаарларда жана айыл өкмөттөрдө үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттер – туруктуу иштей турган коллегиялык орган негизделет”,- деди вице премьер-министр.

Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча бир катар иштерди аткарганын жана аткара берээрин белгиледи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген