Ош жана Баткен облустарында жер силкинди

Бүгүн, 31-январда Ош жана Баткен облустарында күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун кабарлашты.

Жер титирөөнүн очогу Афганстанда болуп, 7-8 баллга жеткен. Кыргызстанда акыркы жолу катуу жет титирөө Чоң-Алай районунда катталып, 500дөй үй жабыркаган. Райондун Карамык жана Кара-Тейит , Шибе жана Кулчу айылдарындагы бир катар турак жайлар кыйроого учураган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген