Ош шаарында 1 млн долларга спорт комплекси курула баштады

Ош шаарынын Салиева көчөсүндө заманбап спорт комплекси курула баштады.  Курулуштун капсула салуу аземине калаа башчысы, Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Моджтаба Рузбехани, Кыргызстандын Ирандагы элчиси Авазбек Абдуразаков, шаардык кеңештин төрагасы,тиешелүү кызматтар жана шаар тургундары катышты.

Спорт комплексинин курулуш иштерин ирандык “Нику Абния Альбурз-Хит Ланд” курулуш компаниясы колго алып, 18 айлык мөөнөткө пландалган. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Пирматов билдирди.

“Бирок, мөөнөтүнөн мурда бүткөрүлүшү күтүлүүдө. Шаар бийлиги тарабынан жер бөлүнүп берилген. Курулуштун аянты 5170 метр квадратты түзөт. Жаңы курулуп жаткан аянт спорттун бардык түрүнө ыңгайлашат. Аймакта 5 миңден ашуун жашоочу болсо, андагы балдар дегеле бардык курактагы жарандар пайдаланса болот. Буга жалпы 1 млн АКШ доллары сарпталмакчы. Ага улай эле, машыгуучу залдардан тышкары жуунучу жайлар, балдар ойноочу аянтча курулуп, айланасы жашылдандырылат”,-дейт ал.

Кошумчалай кетсек, бул иш-чарада Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов спорт комплекстин айланасындагы жолго асфальт төшөп берүү убадасын берди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген