FB Twitter YouTube Одноклассники

Ош: жүргүнчүлөр айдоочуларды өз убагында каттабайт жатат деп айыпташууда

Ош шаарындагы Кош -Таш менен Амир – Темур аймагынын тургундары айдоочуларга айып коюп жатышат. Алар коомдук унаа ээлерин өз убагында келбейт деп күнөлөшүүдө. Мындан улам тургундар кечигип, көздөгөн жерине жете албай жатканын айтып чыгышты.

Айдоочулар кеч келген учурлар көп болот. Себебин сурасак өз убагында эле келип жатканын айтышууда. Айдоочулар каалаганда ишке чыгып, болбосо чыкпай коюшат”,- деди Кош-Таш көчөсүнүн тургуну Матлюба Косимова.

Тургундардын белгилешинче, айдоочулардын өз убагында каттабай жатканынан улам окуучулар сабагынан кечигишет. Ушул эле көйгөй шаарга келип иштегендерди да түйшүккө салат.

Бирок айдоочулар өздөрүнө коюлуп жаткан айыптарды четке кагып жатышат. Алар Амир-Темурдан келгенче он беш мүнөт убакыт кетерин, ошого окуучулар кечигип жатат деп белгилешет.

Бул эки аймактын тургундарын 103-каттам тейлейт. Жүргүнчүлөрдү ташуу агентигине буга чейин тургундар арыз менен да кайрылышкан. Ага байланыштуу мекеме адистери айдоочулардын жүрүү аралыгын текшерип,  өз убагында каттабай жатканын аныкташты. Айдоочуларга эскертүү берилип, мындан ары каттамдагы унааларды көбөйтүү тапшырмасы берилди.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz