Ош: Өзгөндө жол кырсыгынан бир адам каза болду

4-апрель күнү  Ош облусунун Өзгөн – Мырза- Аке унаа жолунун 8- чакырымында  жол кырсыгында бир адам каза болду.  

Маалыматка ылайык, кырсык  кечки саат 17:55 чамасында болгон.  1968-жылы туулган Т.Э.  “Дэу –Нексия” үлгүсүндөгү унаасын башкара албай жол четиндеги вагонду сүзүп алган. Натыйжада айдоочусу денесинен алган жаратынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Ал эми унаанын ичиндеги жүргүнчү 1977-жылы туулган К.Ж. денесинен жарат алып, Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилген.

Кырсык боюнча РИИБнин тергөө кызматы тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген