Ош: унаа тыгыны жоюлат

Ош шаарындагы унаа тыгыны жоюлат. Бул үчүн калаанын түштүк багытын айланып өтүүчү жол куруу тапшырмасы коюлган. Анын негизинде Ош-Эркештам жолунун 5-чакырымынан жол куруу пландаштырылган. Айланма жол Ош шаарынын Амур-Темур, Озгур, Кара Суунун Шарк айыл аймагын жана Папан айылдарынын жайыт жерлери аркылуу курулуп, Ноокат районуна чейин созулат. Жалпы узундугу 28 чакырымды түзөт.

Жаңы курулуучу жолдун каржы булагы азырынча анык эмес. Адистер жалпы 1 млрд 754 млн сом керектелээрин эсептеп чыгышкан. Жаңы салынуучу жол менен вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев таанышып чыгып, бул боюнча Жапон өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.

КРнын транспорт жана жолдор министрлигинин орун басары Алимкан Жусубалиевдин айтымында, жолду куруу үчүн айылдарды аралап өткөн жерлерде үйлөр сүрдүрүлүшү ыктымал. Андыктан компенсация төлөө маселеси да турат. Каржы булагы аныкталса 2 жылда айланма жол бүткөрүлүп пайдаланууга берилет. Мындай ыкма шаардагы автотыгынды толугу менен жөнгө салат деген ишеним бар.

Эске салсак, калаада Ош шаарынын кире беришинен А. Масалиев көчөсүнө чейин автотыгын көп болот. Бул аралыкта айдоочулар ордунан жыла алышпай жарым саат турган убакыттар да кездешет.

Сүрөт: КирТАГ

 

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz