Ош: троллейбус айдаган жалгыз аял

Нурила Кенжебаева бир жылдан бери Ош шаарында троллейбус айдайт. Азырынча бул тармактагы жалгыз айдоочунун катарына жакында дагы беш кыз-келин кошулат.  

Кенжебаева күнүнө 7-8 жолу каттамга чыгып, жургүнчүлөрдү дарегине жеткирүү менен алек болот. Ошентип,  эрте мененки саат алтыда башталган  жумуш күнү кечки саат тогуз-ондордо аяктайт. Жумушу чарчатат, бирок Нурила эже таң атпай кайра каттамга шашат. Анткени жаштайынан кыялданган кесиби ага ырахат тартуулайт.

“Шаарга окууга тапшырганы келгенимде бир эженин троллейбус айдап жүргөнүн  көрүп, кызыгуум ашты. Бирок окууну бүтүп, айылга кетип, турмушка чыктым. Анан кайра троллейбус айдоону үйрөткөн окууну издеп, максатымды ишке ашырайын дегем. Ошентип Бишкекке барып окуп келдим”,-дейт Нурила Кенжебаева.

Троллейбус айдоочусу болуу үчүн аны башкарууну билүүнүн өзү жетишсиздик кылаарын айтат. Анткени бул автотранспорт электр энергиясы аркылуу жүргөндүктөн, каттамга чыгаардан мурун унаанын чубалгыларын  көчөдөгү линияга улап чыгуу керек. Бул иштерди Нурила Кенжебаева окуп жүргөн кезинде эле жакшы өздөштүрүп алган.

“Эгерде кесилиш жолдордо катуу айдагандан  туташтырылган зымдар үзүлүп кетсе, аларды да дароо оңдой койом. Негизгиси техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам  жүргүнчүлөрдү күттүрбөгөнгө аракет кылам”, – дейт каарманыбыз.

Нурила Кенжебаевадай айдоочу болуу үчүн азыр Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканасында беш аял окуп жатат.  Алар айдоочулук күбөлүк алса,  каттамга чыга баштайт.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar