Ош: тоюттун баасы кымбаттады

Ош облусундагы фермерлер июнь айынан баштап тоют сатып ала башташты. Бирок чөптүн наркы өткөн жылга салыштырмалуу кымбат болуп жатат. 2016-жылы бир таңгак чөп 130 сомго чейин сатылса, бул жылы 150 сомдун тегерегинде бааланууда. 

Сатуучулардын белгилешинче, тоюттун кымбат болушуна абы ырайынын жылуу болуп, чөптүн аз жыйналганы себеп болууда. Учурда Ошто Кара-Суу районунун Талдык жана Баш булак айылдарынан орулуп келинген тоют чөптөр сатылууда.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн айыл чарба секторунун башчысы Раимберди Мөнөкбаевдин айтымында, облус боюнча жалпы 180 миң гектар жерден табигый чөп  жыйналат. Бирок бул дагы облус аймагындагы фермерлердин тоютка болгон тартыштыгын жолго койо албайт. Ага байланыштуу жыл сайын тоют аянттары кеңейтилип жатат. Өткөн жылы 33 миң гектарга айдалса, быйыл 45миң гектарга беде, арпа сыяктуу эгиндер өстүрүлдү.

Мындан сырткары 90 миң гектар аянтта кылкандуу дан эгиндери жыйналууда. Алардан буудай, жүгөрү сыяктуу эгиндеринен да тоюттар алынат. Эске сала кетсек, буга чейин тоют тартыштыгы 2012-13-жылдары күч болуп, бир таңгак чөптүн баасы 600 сомго жеткен.

 

 

 

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz