Ош: тез жардам айдоочулары иш ташташты

Ош облустук санитардык автоунаа мекемесинин кызматкерлери январдан бери айлык акы албай иштеп келишет. Алар эмгек акысын үч ай күтүштү. Айлыгын бербесе жумушка чыкпай тургандыктарын айтып, Саламаттыкты сактоо министрлигине да кайрылышты. Натыйжа чыкпаган соң, 10-апрелде иш ташташты.

Аталган мекеменин кызматкери Жээнбек Атакуловдун айтымында, жыл башталаары менен маяна берүү үзгүлтүккө учураган. Андан бери алардын нааразычылыгына жакында эмгек акыңарды беребиз деген гана жоопторду узатышат. Бирок күтүүдөн натыйжа чыкпаганын билген 43 кызматкер жумушун таштоого аргасыз болушту.

Дагы бир кызматкер Абдымомун Осмоновдун пикиринде, айдоочулардын иш таштоосу элдин медициналык жардамдан кур калышына алып келүүдө. Анткени унаа башкарган адам жок болгондуктан калктын тез жардамга чакыруусуна эч ким барбай жатат.

Айдоочуларга маянанын кечеңдеп жатышы Саламатыкты сактоо министрлигинин чыгарган буйругуна барып такалат. Себеби министрлик быйылкы жылдан баштап мекемелерди өзүн-өзү каржылоо боюнча документке кол койгон. Бирок жаңы сунушталган программа толук аткарылбай, Ош, Жалал-Абад жана Баткендеги 43 жумушчу маянасыз калышты.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин “Ынтымакка” айтымында, жаңы программанын аткарылышы боюнча өкмөттүн чечими чыга элек. Ошондой эле анын ишке ашышына бир аз убакыт талап кылынат. Программа иштеп баштаганга чейин кызматкерлердин акысы мамлекет тарабынан төлөнүп берилип турат. Бул үчүн учурда аракеттер көрүлүүдө.

Кызматкерлер эмгек тажрыйбасына карап, 5 миң сомдон 7 миң сомго чейинки акы алышат.

Сүрөт: vb.kg

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген