“Ош Тазалыктын” жаңы жетекчисине 3 ай сыноо мөөнөтү берилди. Видео

“Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жаңы дайындалган жетекчиси Нурбек Исмаиловго 3 айлык сыноо мөөнөтү берилди. Эгер бул убакыт аралыгында жыйынтык көрсөтө албаса, кызматтан алынуусу мүмкүн. Бул туурасында Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Азамат Абсатаров билдирди.

Буга чейин 33 жаштагы спорт чебери, мушкер Нурбек Исмаиловдун жетекчилик кызматка келүүсү коомчулукта кызуу талкуу жаратып, социалдык тармактарда жаңы жетекчинин буга чейинки жүрүм-турумуна сын айткандар да болду.

Ал эми Нурбек Исмаилов өз дарегине айтылган сындарга жооп берди.

“Менин спортчу экеним чын. Бирок спорт жетекчилик кызматты аткаруума тоскоол болбойт деп ишенем. Ал эми буга чейинки конкреттүү ММК өкүлү менен болгон конфликти кайра козгоонун кажети жок”- деди Исмаилов.

Эске салсак, ал Ош-Тазалык муниципалдык ишканасына 4-декабрь күнү жетекчи болуп дайындалган.

Фото:turmush

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген