“Ош-Тазалык” ишканасы карызын төлөбөгөн шаар тургундарын сотко берди

“Ош-Тазалык” ишканасы карыздарын төлөбөгөн шаардын тургундарын сотко берип жатат. Мунун негизинде сот жер үйлөрдү жана батирлерди камакка алуу чечимин чыгарып, аларды сатууга жана күрөөгө коюуга тыюу салат.

Жашоочулардын айрымдары карыздарын төлөбөй, кээ бир үйлөрдүн карызы 10 миң сомдон ашып кеткендери бар. Карызды сурап барган кызматкерлерге орой мамиле кылышып, коркутуп-үркүткөндөрү да кездешет. Айрымдары эшиктерин ачпай коюп кутулушат. Аларга бир канча жолу эскертүүлөрдү берип, эч жыйынтык чыкпагандан кийин сотко кайрылууга аргасыз болдук дейт “Ош-Тазалык” ишканасынын юристи Кыяз Токтомуратов.

Таштандыга болгон акы көп кабаттуу үйлөрдө киши башына 25 сомдон деп белгиленген.  Бул акчанын эсебинен таштанды үкөктөрүнө толгон акыр-чикирлерди тазалык кызматкерлери жума сайын алып кетип, андан сырткары үйлөрдүн короолорун тазалап турат.

Ош шаарындагы жалпы көп кабаттуу үйлөрдүн таштандыга болгон карызы 6 млн сомго жетти. Карыздардын мынчалык өсүшүнө жогорудагыдай коркутуп-үркүтүү жана түшүнбөстүктөр себеп болууда. Андан сырткары батирлердин көпчүлүгү ижарага берилгендиктен, кожоюндарын табуу кыйынчылык жаратат дешет адистер.

Алдыда жер үй, коммерциялык багыттагы ишканаларга дагы рейд жүргүзүп, эскертүү берүүнү тазалык адистери пландаштырууда. Анткени аталган ишканалардын бир жылдагы карызы 20 млн сомду түздү.

Жер тамда жашагандар айына ар бир адам үчүн 30 сомдон, ал эми коммерциялык имарттар чарчы метрине карап акы төлөшөт.

Текст: Таңкыз Эргешбаева

Нуржамал Баргыбаева

Оператор- монтажёр: Кымбатбек Абдисамат уулу

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.