Ош: тарыхый эстеликтер оңдоп-түзөөгө муктаж

Сулайман-Тоодо жалпы 400гө жакын петроглифтер бар. Убакыт өткөн сайын сүрөттөр билинбей, жоголуп бара жатат. Караханиддер дооруна таандык болгон мончонун да кыштары талкаланууда. Эстеликти кароого албаса, жоготуп алуу коркунучу күч.

“Сулайман-Тоо” улуттук-археологиялык музей-комплексинин эстеликтерди коргоо бөлүмүнүн илимий кызматкери Жаңыбай Апиевдин айтымында, азыркы тапта музей жетекчилиги тарыхтын күбөсү болгон эстеликтерди реставрациялоого каражат бөлдүрүү үчүн тиешелүү кызматтарга кат жолдогон. Эгер ал канаттандырылса, оңдоого муктаж болгондору адистер тарабынан текшерилип, ЮНЕСКОнун талабына ылайык жаңыртылат.

Сулайман-Тоо музей-комплексинин корук аймагы 134 гектарды түзөт. Аймакта эң чоң  эстеликтерден экөө бар. Алар Оштун 3000 жылдыгын далилдеген “Ош кыштакчасы” жана орто кылымдагы мончо. Мындан сырткары, таш бетинде жазылган петроглифтердин да тарыхта орду бар. Ал эми археологиялык эстеликтерден Бабурдун үжрөсү, Асаф Ибн Бурхия күмбөзү жана эл эң көп келген 6 үңкүр.

Белгилей кетсек, былтыркы жылы Сулайман-Тоого келгендердин саны 120 миң 563 түзсө, 2017-жылдын алты айында 68 миң 204 адам болгон. Алардын ичинен туристтер 2016-жылы 5000 миңге жетсе, быйылкы жылдын 6 айында 2 600дөн ашкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген