Ош – Тамчы аба каттамы башталды

Бүгүн Ош-Тамчы  быйылкы аба каттамын баштады.  Алгачкы рейс Тамчыга Ош эл аралык аэропортунан жергиликтүү саат боюнча 9:40та учуп кетти.

88 жүргүнчү Ош шаарынан Ысык-Көлгө карай сапар алды.  Быйыл жылдагыдан өзгөчөлөнүп, жумасына үч ирет, шаршемби, жума, жана жекшемби күндөргө каттам уюштурулду. Ал эми учак “Тез Жет” авиа компаниясына таандык. Ош-Тамчы аба каттамы көл сезону  аяктаганга чейин уланат.

Бирок 3-дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата сентябрь айында дагы  2,  3 каттам уюштурулушу мүмкүн.

Белгилей кетсек, Ош-Тамчы авиа каттамы 4 жылдан бери жайкы туристтик сезонго карата ачылып, жүргүнчүлөрдү ташып келет.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген