Ош: Түркиянын “Бешикташ” клубунун мектеби машыккан “Нур” спорт клубу

Ош шаарына жаңылык киргизген “Нур спорт” комплекси 2009-жылы ачылган. Алгач жалгыз гана аянтчасы бар болсо, ошол эле жылы күзүндө эки аянтча кылууга жетишкен. 2004-жылга жетип оңдоп-түзөө иштеринен соң төрт аянтча менен кызмат кыла баштаган.

Түркиянын атактуу “Бешикташ” футбол клубунун машыктыруучу мектеби да дал ушул комплекстин кызматынан пайдаланат. Андан сырткары “Ынтымак Медиа Груп” да ушул жайда Массалык маалымат каражаттарынын арасында футбол мелдешин өткөргөн.

Учурда жетекчилик комплекстин шарттарын дагы да жакшыртуу багытында иш алпарууда. Эми шыптан ылдый атайын суу себелеп туруучу, аптапта ойноп жаткандарды салкындатуучу жабдыктар орнотулмакчы.

“Нур спорт” комплекси

Дареги: Ош шаары, И. Разаков көчөсү 15

Болжол: ХБК (Мам каттоо)

Тел: 0772 55 97 69

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz