Ош: суу үстүндөгү өзгөчө подиум Ноорузга бүткөрүлөт

Ак-Бууранын үстүнө курулуп жаткан уникалдуу подиум 2018-жылы Нооруз майрамына карата пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Подуимдун курулушунан кечээ, 12-декабрда калаа мэри Айтмамат Кадырбаев кабар алып, сапатка көңүл бурууну тапшырды.

Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азияда да мындай маданий объект жок экенин мэриядан кошумчалашты. Подиумга 16 млн сомдон ашык каражат сарпталууда.

Ак-Буура дарыясынын үстүнө салынып жаткан подиум ар кандай маданий иш-чараларды, мода көргөзмөлөрүн өткөрүү үчүн кызмат кылат.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar