“Ош суу канал” суудан чыккан курт тууралуу түшүндүрмө берди

Кара-Суунун Ишкаван айылындагы  суудан чыккан курт түтүк үзүлүп калган учурда суу кууруна кирип кеткени аныкталды. Бул тууралуу “Ынтымакка”  “Шаардык суу канал” ишканасынан билдиришти.

“Айылдын Карл Маркс көчөсүндө суу менен камсыздоочу канал аркылуу өткөн суу түтүгү үзүлүп, бир жак башы каналда эки күн бою жаткан. Түтүктү 25-апрелде айылдын тургуну кайра улаган. Суудан чыккан курт түтүк үзүлгөндө кирип кеткени такталды”,- деп белгилешти башкармалыктан.

Бул маселеге байланыштуу адистер аймакта тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Үзүлгөн түтүктү болсо 29-апрелде “Шамшад-Суу” ишканасы жана тургундар биргеликте толугу менен алмаштырышат.

Аталган айылды “Шамшад-Суу” ишканасы ичүүчү суу менен камсыздайт жана төлөмдөрдү да ушул мекеме чогултуп алат.

Эске салсак, 25-апрелде Ишкаван айылында таза суудан курт чыкканын “Ынтымакка” окурмандар билдиришкен. Алар суу алып жатканда чакага курт түшкөнүн айтышып, сүрөттөрүн жана видеосун жиберишкен.

 

 

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген