Ош: студенттер “Боорукердик” үйүндөгүлөрдөн кабар алды

ОшМУнун кыргыз филологиясы жана искусство факультетинин студенттери “Боорукердик” үйүндөгүлөргө өзгөчө жардам берүүнү ниет кылышкан. Алар карылар жана балдар үчүн атайын концерттик программа даярдап келишкен.  Анда ата-эне жана бала тууралуу ырлар көркөм окулду. 

50 студенттин жарым саатка созулган майрамдык иш чарасында балдар жыргап эс алышса, айрым карыялар шаңдуу ырларга бийлеп да жиберишти. Айрыкча ата-эне тууралуу көркөм окуулар жүрөктөргө жетип, кол чабууларына арзыды.Бул сыяктуу концерттер эми дагы көп болуп турса дешет, – “Боорукердик” үйүндөгүлөр. Анткени күн сайын бир короодон чыкпай, бири-бири менен маектешүүдөн башка  кызыктуу учурлар деле болбойт экен.

“Боорукердик” үйүндө жаш балдар менен карыялар биригип 60 чактысы жашайт. Буларга уюштуруучулар таттуу азыктарды да ала келишти.

“Биздин негизги максатыбыз – мындагылардын көңүлүн көтөрүп, руханий азык берүү”, – дейт ОшМУнун окутуучусу Мастура Шарипова.

Ушундай эле программалар менен уюштуруучулар башка облустардагы карылар, балдар үйүндөгүлөргө баруунун пландоодо. Анда башка факультеттин студенттери тандалат. Анткени студент жаштардын баарына мээримдүүлүк, кайрымдуулук сапаттарды калыптандыруу зарылдыгы айтылды.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген