Ош ШИИБ Whats App аркылуу тараган видео боюнча билдирүү таратты

Акыркы күндөрдө Whats App аркылуу башы кесилген жаш баланын видеосу тараган. Видео менен бирге окуя, Ош шаарынын Ак-Тилек кичи шаарчасында болгон деген аудиожазуу да кошо тиркелип жөнөтүлгөн.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул боюнча билдирүү таратып, тынчсызданууга кажет жоктугун, чындыкка дал келбей турганын айтты.

“Видео шаар тургундары арасында тынчсызданууну жаратып, туура эмес маалыматтар айтылган. Бул Ош шаарында болгон эмес жана берилген комментарий дагы чындыкка туура келбейт”- дейт Сыдыков.

Андыктан коомчулукту социалдык тармактардан келген такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген