Ош: Шейит-Дөбө аймагындагы мыйзасыз курулуштар алынууда

Ош шаарынын Шейит-Дөбө аймагындагы мыйзамсыз жайгашкан курулуштар алынууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз курулуштарды алып, жолдорду кеңейтүү калаа башчысы Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасынын негизинде ишке ашууда.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын борбордук базарынан Шейит-Дөбө аймагына чыккан жол четинде башаламан соода күркөлөрү, курулуштар орун алган. Анын натыйжасында жол тыгындары жаралып келген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген