Ош: шайлоодогу мыйзам бузуу боюнча эки арыз түштү

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча эки арыз түштү. Эки даттануу менен тең журналисттер кайрылышкан. Бири шайлоого байланыштуу видео тасмаларды өчүрүп салганын белгилесе, экинчиси ур-токмокко кабылганы боюнча кайрылды. Бул тууралуу Ош ШИИБнын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, журналисттер тарабынан тушкөн арыз шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш каттоо китебине түшүрүлдү. Учурда мыйзам бузууга тиешеси бар деген адамдардын үстүнөн иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar