Ош шаарынын тургундары: шаардагы дарыканалардын биринде да бет кап жок. Видео

“Ош шаарына коронавирус жуктурган жаран келип түштү” деген маалымат жашоочулардын тынчын алып, бийлик вируска каршы турууга канчалык даяр деген суроону пайда кылды. Мындан улам “Ынтымактын” кабарчысы шаардагы дарыканаларды кыдырып, алардын биринде да бет кап жок экендигине, бир жума мурда эле түгөнгөндүгүнө күбө болуп кайтты.

Өткөн жуманын аягында Whatsapp тиркемеси аркылуу Ош облусунун Өзгөн районунун ооруканасына коронавирус жуктуруп алган жаран келип түштү деген маалымат коомчулукка тарап кеткен. Буга Саламаттыкты сактоо министрлиги жооп берип, маалымат жалган экендигин, элдин дүрбөлөңгө түшүүсүнө негиз жок экендигин айткан.

Ал эми Кореядан коронавирус жуктуруп келди делген жаранда эч кандай илдет жок экендигин өлкөнүн санитардык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

“Ош облусунда эпидемиологиялык абал туруктуу, эч кандай вирус катталган жок. Чет жерден келген жарандар 14 күндүк карантинге алынып, анан гана сыртка чыгып жатышат. Вирустун алдын алуу үчүн өлкө аймактарында атайын штабтар түзүлгөн, кооптонууга негиз жок”,-деди аталган борбордун жетекчисинин орун басары Артыкбай Эралиев.

Ош облусттук милициясы жалган маалыматты тараткандыгы үчүн оорукана кызматкери Жамантай кызы Нурила  элден кечирим сураганын жана мыйзам алдында жоопко тартылгандыгын айтты.

“Мыйзам боюнча жалган маалымат тараткан кызматкер кызматынан четтетилиши керек болчу. Андыктан, кызмат ордунан бошотуп, бул ишти аягына чыгардык. Жарандарды мындай жолго баруудан, жалган маалымат таратуудан сак болууга чакырам”,- деди Ош ОИИБнин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев.

Тышкы иштер министрлиги Кытай Эл Республикасындагы мекендештерди жана коңшу өлкөгө барууга камынып жаткан жарандарды сак болууга, сунуш кылынган чараларды, анын ичинде коргоочу бет каптарды милдеттүү түрдө колдонуу керектигин эскерткен. Ага кошумча Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Кытай Эл Республикасынан эт жана эт азыктарын ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген