Ош шаарынын тазалыгын көзөмөлдөгөн ишкананын өзүнүн абалы талапка жооп бербейт

Ош шаардык кеңешинин депутаттарынан түзүлгөн комиссия коомго кызмат көрсөткөн имараттардын тазалыгын текшерди. Текшерүү учурунда Ош шаарынын санитардык абалын текшерген ишкананын өзүндөгү шарттар талапка таптакыр жооп бербестиги белгилүү болду. Аталган ишканадагы кол жуугандан кийинки аккан суулар эски имараттын полдорун каптап, аарчылбай, жан кейитээрлик абалга келип калган.

Буга чейин аталган мекеменин ажатканасынын абалы интернет колдонуучулар тарабынан социалдык тармактарга жарыяланып, кызуу талкууга алынган.

Депутаттар андан соң жалпы лабораториялык анализ чыгаруучу бөлүмгө барышты. Ал жердеги маалыматтарга караганда кварталдык текшерүүдө 500 дөн ашык товар анализден өтүп, алардын 30%дан ашыгында зыяндуу заттар бар деп табылган. Ал зыяндуу заттар ар кандай ооруларды алып келүү коркунучунда турат.

“Жаш балдардын оюнуктарынын 18 түрүнөн ден- соолукка коркунучтуу заттар табылды. Ал оюнчуктарды ойногон бала онкологиялык ооруга чалдыгышы мүмкүн”,- дейт Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун лабораториялык изилдөө бөлүмүнүн башчысы Бахадыр Адаманов.

Туруктуу депутаттык комиссия Ош шаарындагы санэпидкөзөмөл борборундагы оорулардын анализин чыгаруучу лабораториялык бөлүмдөргө барышты. Ал жердеги ишмердүүлүк, жарандарды тейлөө, жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн пландык анализ, текшерүүлөргө көңүл бөлүштү.

Андан соң текшерүүчү топ мите курттарга каршы текшерүүчү бөлүмдүн ишин карашты. Төрт жашка чейинки жана бакчадыгы балдардын мите курттарга каршы текшерүүлөрү боюнча маалымат алышкандан кийин, мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык бөлүмүндө болушту.

Аталган бөлүмдүн башчысынын айтымында, тазалыкка болгон көзөмөл күчөп жатат.

“Тлапка жооп бербеген жайларга айып пул салынып, өткөн жылы казынага 500 миң сом түшкөн болсо, акыркы 5 айда 42 миң сом түшкөн”,- деди Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун бөлүм башчысы Сейиткасым Курбаназаров .

Борбордун ишине канааттанбаган депутаттык комиссия коомдук тамактануучу жайлар менен жеринен таанышты. Андагы санитардык абал талапка жооп бербегени менен санэпидкөзөмөл борборунун адистери да мыйзам чегинде иш алып барбаганы айтылды.

Маалыматтарды тактоо иретинде депутаттык курам тиешелүү тараптар менен бирге жыйын курат. Анда маалыматтар такталып, Ош шаардык кенешинин кезектеги сессиясына жөнөтүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген