Ош шаарынын мэрлигине жалгыз талапкер бүгүн тил сынагын тапшырат

Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция мэрликке көрсөткөн Таалай Сарыбашов бүгүн саат төрттө мамлекеттик тилден сынак тапшырат.

Бул тууралуу “Ынтымакка”  Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Расул Кадыров билдирди.

” Шайлоо мыйзамына ылайык, талапкер мамлекеттик тилден сынак тапшыруусу керек. Тил сынагы президенттикке талапкерлер кандай мамлекеттик тилден сынак тапшырып келсе, дал ошондой эле  жүргүзүлүп, “билет” же “билбейт” деген гана баа берилет. Сынак көркөм окуу, өз тилинде программасын айтып берүү жана жазуу түрүндө болот. Жыйынтыгында  тил комиссиясы Таалай Сарыбашевди мамлекеттик тилди кандай билишин аныктайт”,- дейт Расул Кадыров.

Белгилей кетсек Ош шаарынын жаңы мэрин шайлоо 18-июлда өткөрүлөт.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген