Ош шаарынын мэрлигине Сарыбашев жалгыз талапкер болушу мүмкүн

“Өнүгүү Прогресс” партиясы Ош шаарынын мэрлигине талапкер чыгараары белгисиз. Көпчүлүк коалицияга кирген “КСДП” , “Бир Бол” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары бир добуштан Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашевдин талапкерлигин көрсөттү.

Ал эми Ош шаардык кеңешиндеги “Өнүгүү Прогресс” партиясынын депутаттары өз талапкерлерин чыгаруу боюнча сүйлөшүп жатышат. Бул тууралуу “Ынтымакка” аталган партиянын Оштогу координатору Аманилла Капаров билдирди.

“ Биз азыр депутаттар менен сүйлөшүп кеңешип жатабыз. 15-июлдан кийин биленет”,-дейт Капаров.

Азырынча Таалай Сарыбашев Ош шаарынын мэрлигине жалгыз талапкер. Шаардык кеңеште “ КСДП”, “Бир Бол” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары жана “Кыргызстан”, “Республика Ата-Журт” , “Өнүгүү Прогресс” партияларынын депутаттары бар.

Мыйзамга ылайык, Ош шаарынын мэри кызматына талапкерди сунуштоо укугу шаардык кеңештеги фракцияларда, коалицияларда жана премьер-министрде бар.

Оштун мэрин шайлоо 18-июлда өтөт. Буга чейин 2016-жылы өткөрүлгөн шайлоодо “КСДП” партиясынан Айтмамат Кадырбаев “Өнүгүү Прогресс” партиясы Алишер Мойуновдун талапкерлигин койгон. Шаар башчысын шайлоого жалпы 45 депутат катышып, алардан 41 депутат мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевге добуш беришкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген