Ош шаарынын мэрлигине Алмаз Мамбетовдун талапкерлиги көрсөтүлдү

Алмаз Мамбетовдун талапкерлиги Ош шаарынын мэрлигине көрсөтүлдү. Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирилгендей, анын талапкерлигин шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы жана министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов сунуштаган.

Эске сала кетсек, мэрди шайлоо 26 -августка белгиленген. Бүгүн, 18 -август, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлигине талапкерлерди каттоонун акыркы күнү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.