Ош шаарынын мэри төрөт үйүндөгү кызматкерлерди чет өлкөгө жөнөтөт

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов төрөт үйүнүн дарыгерлерин чет мамлекеттерге жөнөтүүнү пландоодо. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматта айтылгандай, мэр дарыгерлердин билимин жогорулатып, тажрыйба алмаштырууга жиберүү боюнча сүйлөшүү жүргүзөт. Бул убаданы ал 13-февралда медициналык мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышып жатып айткан.

Калаа башчысы дарыгерлер менен болгон жыйында, мэрия мекеменин төрөт бөлүмүн оңдоодон өткөрөөрүн да убада кылды.

“Төрөт үйү ар бир адамдын бактылуу күндөрүн эске салат. Ошондуктан төрөгөнү келген ар бир энеге жакшы мамиле кылгыла. Акча талап кылуу болбосун. Биз жетишпеген аппараттарды алып берүүгө аракет кылабыз”,-деди мэр.

Буга чейин аталган төрөт үйүнүн ичи бир катар оңдоодон өткөрүлүп, ашканасы жаңыланган. Ошондой эле жаңы төрөлгөн ымыркайларга жеринде күбөлүк берүү үчүн да атайын бөлүм ачылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген