Ош шаарынын мэри жарандарды жеке кабыл алды

Бүгүн, 30-ноябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаар тургундарын кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн укту. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, калаа башчысынын жеке кабыл алуусунда болгон жарандардын басымдуу бөлүгү турак-жай, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга камкордук, муктаждарга материалдык жардам, талаштуу жер тилкелеринин айланасындагы маселелер менен кайрылышты.

“Мэр ар бир арыз менен кенен таанышып, жарандардын суроолоруна жооп берилди. Вице-мэрлерге, тийиштүү тармактардын жетекчилерине тапшырмаларды берди. Ошондой эле мында көтөрүлгөн ар бир иш жеке көзөмөлүндө болоорун кошумчалады”, – деп айтылат маалыматта.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.