Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов №5555 шайлоо тилкесинде жарандык милдетин аткарды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев №5555 шайлоо тилкесине барып, жарандык милдетин аткарды. 

Добуш берүүгө барган мэр кадимки жарандардын катарына кезекке туруп, партиялардын бирине добушун берип чыкты.

“Ош шаарынын тургундарын бүгүнкү майрамы менен куттуктайм. Бүгүнкү күн майрам, анткени Кыргызстандын келечеги чечилип жатат. Жерибизде токчулук, молчулук болсун. Эл каалаган, элдин мүдөөсүн аткарган партиялар Жогорку Кеңешке келсин. Парламентке ат салышып жаткан партиялардын баарына ийгилик каалайм”,-деди мэр Сарыбашов.

Калаа башчысы Президенттин шайлоо боюнча Жарлыгы чыккандан тарта шаардык мэрия графиктин негизинде иштерди алып баргандыгын кошумчалады.

Бүгүн, 4-октябрда Параменттин депутаттарын тандоо үчүн Ош шаары боюнча 86 шайлоо участогунда калаа тургундары өз добуштарын берип жатышат.

 

Ош шаарындагы 5555 шайлоо участогунда шаар Мэри Таалайбек Сарыбашев өзүнүн жарандык милдетин аткарып добуш берет.

Опубликовано Ынтымак Медиа Суббота, 3 октября 2020 г.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген