Ош шаарынын мэри шайланды

Бүгүн, 26-августта Ош шаардык кеңешинин отурумунда депуттаттар шаар мэрин шайлашты.

Мэрди шайлоого шаардык кеңештин 45 депутаты тең катышты. Жыйынтыгында Алмаз Мамбетовдун талапкерлигине 43ү макул, эки депутат каршы добуш беришти.

Ош шаарынын мэрлигине талапкерлигин көрсөткөн, ишеним арткан депуттаттарга шаар башчысы терең ыраазычылык билдирип, келечек пландары менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, Алмаз Мамбетовдун талапкерлигин министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов сунуштаган.

45 жаштагы Алмаз Мамбетов акыркы мезгилге чейин президенттин жана өкмөттүн иш башкармасын жетектеп келген. Ага чейин бир жыл мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп иштеп, 2016-жылдан 2019-жылга чейин Балыкчы шаарынын мэри болгон. Үстүбүздөгү жылдын 2-августунан тарта Ош шаарынын мэринин милдет аткаруучу болуп дайындалган.

Алмаз Мамбетовдун эмгек ишмердүүлүгү:

  • 2000-2002-Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин катчысы-жардамчысы;
  • 2002–2003 – Мамлекеттик спорт жана туризм комитетинин байланыш жана маркетинг бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2004-2007 – Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол кызматынын катчысы;
  • 2008–2010 – “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы “МИнин жетектөөчү адиси, бөлүмдүн башкы адиси;
  • 2011 – жана. О. Бишкек мэриясынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы;
  • 2014–2016 – “Транс -Кыргызгаз Паплайн” компаниясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн PR боюнча улук адиси;
  • 2014–2019 – Балыкчы шаарынын мэри;
  • 2019–2020 – Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
  • 2020–2021 – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн башкы аткаруучу директору;
  • 2021 – Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.