Ош шаарынын күнүнө карата концерт өтөт

5-октябрь – Ош шаарынын күнүнө карата  борбордук стадиондо чоң программада гала концерт өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган концерт Ош шаарынын 3019 жылдыгына карата өтүп, ага кыргыз эстрада жылдыздары катышат. Майрамдык концертке коңшу Өзбекстандан дагы ырчылар чакырылган.  Ошондой эле, түрк тилдүү өлкөлөрдүн чыгармачыл топтору коштойт.

Ош шаары тарыхый шаарлардын бири. Быйыл  ал “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп табылган.

Концерт 5-октябрь күнү Ош шаарынын борбордук стадионунда саат 18:30да башталып, кирүү акысыз болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген