Ош шаарынын күнү белгиленүүдө

Бүгүн 5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленүүдө. Түштүк калаанын 3018-жылдыгы түнкү саат 22:00 го чейин улантылат. 

Шаар күнүндө  “Сулайман-Тоо – тынчтыктын жана ынтымактын символу” деген аталыштагы фестиваль, эл аралык жаштар форуму өтөт.

Борбордук аянтта сүрөт көргөзмөсү менен  “Ош – ооматтуу ордо калаа” жана “Билим жана чыгармачылык” жармаңкелери уюштурулат. Мындан сырткары,  балдарды ар тараптан коргоо борбору жана  заманбап  жаңы мал соючу жай пайдаланууга берилет.

Кечкисин борбордук стадиондо,  эстрада жана фольклор ырчыларынын, бийчилердин катышуусундагы майрамдык гала концерт өтөт.

Майрамдык салтанатка байланыштуу шаардын айрым көчөлөрү убактылуу жабылат.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын күнү 2000-жылдан бери белгиленип келет.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген