Ош шаарынын бюджети быйыл 105 млн сомго көбөйөт деп болжонууда

Ош шаарынын 2018-жылга карата бюджети 940 миллион сом деп бекитилет. Долбоору даярдалып, азыр шаардык кеңеш комитетинин кароосунда турат. Ош мэриясы иштеп чыккан долбоордо казынанын суммасы былтыркыдан 105 миллион сомго салык эмес кирешелердин эсебинен көбөйгөн. Чыгаша менен киреше тең чыгып, социалдык тармактарга көбүрөөк каржы жумшалат.  

Калаа жолдорун оңдоп-түзөөгө былтыркыдай эле 15 млн сом каралып жатат. Капиталдык курулуш башкармалыгына да ушундай эле эң аз сумма ажыратылат. Көрктөндүрүү мекемесине да жылдагыдай эле 79 млн сом бөлүнмөй болуп турат. “Ош-Тазалык” 35 млн сом сураган. Эң көп каржы быйыл да билим берүү тармагына тартылганы турат. Жалпы 339 млн сом каралган. Сумма былтыркыдан 13 млн сомго көп.

Бюджет долбоорунда бала бакчалардагы орто жана кенже кызматкерлердин айлык акысы жогорулайт. Жергиликтүү казынанын эсебинен маянаны көтөрүү өткөн жылдын соңунда чыккан өкмөттүн токтомунун негизинде ишке ашып жатат. Бул үчүн билим берүү тармагына 2 млн сом кошулчаланган. Мындан сырткары шаардык кеңеш депуттаттарынын сунушу менен мугалим,  медайым, бала бакча кызматкерлерине жөлөк пул берүү жагы да каралып жатат.

Быйылкы жылы бюджет көлөмү көтөрүлөт делгени менен сынга алгандар бар. Буга жыл сайын ишканалар көбөйүп, салыктын өсүшү жүйөө катары айтылат. Мэрия мунун себебин айрым салыктар республикалык бюджетке которула турганы менен түшүндүрүүдө. Ошондон улам бюджетти көбөйтүү үчүн ишканаларды шаар карамагына өткөркөрүү жанданган.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын бюджети 2016-жылы 1 миллиард сомдон ашкан. 2017-жылы дээрлик 200 млн сомго аз бекитилип, коомчулукта күмөн жарала баштаган. Анан да экинчи борбор калаанын бюджети миллиардга жетпегени реалдуу эмес деген сындар айтылып келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген