Ош шаарынын борбордук базары жабылышы мүмкүн

Кыргызстанда коронавирустун пайда болгондугуна байланыштуу Ош шаарындагы борбордук базар жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, учурда Ош шаарында абал туруктуу. Борбордук базар жабылып, андагы товарлар сыртка чыгарылып, соода түйүндөргө өткөрүлүп берилиши күтүлүүдө.

“Азык-түлүк жана турмуш-тиричиликке керектүү каражаттардын баарын дүкөндөргө өткөрүп берүү планы каралып жатат. Ушундай жол менен гана учурдагы абалды жөнгө салып, кырдаалды көзөмөлдөө оңоюраак”,- деп билдирди шаар мэриясынан.

Ушул тапта Ошто Умра сапарынан келген 64 адам карантинге алынды.

Эске салсак, вирус табылган жарандар Сауд Арабиясына барып келишкен Жалал-Абад облусунун тургундары. 12-мартта Шаржадан Кыргызстанга келишип, үйлөрүндө медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө турушкан. 16-мартта алардын биринин дене табы көтөрүлгөн.

Министр: каникул учурунда балдарды эч жакка жибербөө керек

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген