Ош шаарынын борбордук базары кеңейтилип, өрткө каршы чаралар көрүлдү

Эми Ош шаарынын борбордук базарында өрт катталса тилсиз жоо тез арада өчүрүлөт. Анткени базар ичи кенейтилип, жол тоскон соода түйүндөр алынды.

Ош шаарынын борбордук базарында 80ге жакын соода түйүндөрү алынып, ортолук 6-8 метрге кеңейтилди. Адистердин айтуусу боюнча, мындан эки ай мурда базардын ичине унаа кирип, өрттү өчүрүүгө мүмкүн эмес болчу.

“ Мэрия тарабынан өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча 10 күндүн ичинде иш жүргүздүк. Базардын ичинде жайгашкан 790 соода түйүндүн 411и кесилип, өрт өчүрүүчү 6 метр аралык ачылды”,- деп билдирди Ош шаардык мэриясынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Пирматов.

Базарды тартипке салуу аракети май айынын аягында башталып, бирок соодагерлердин нааразычылыгын ойготкон Ал ортодо Ош шаардык мэриясынын адына бир топ жарандар митингге да чыгышкан. Атайын түзүлгөн комииссия соодагерлер менен бир пикирге келип, натыйжада базар талапка жооп бере турган абалга келип олтурат. Жергиликтүү бийликтен буйрук алган соодагерлер өз каражаттары менен соода түйүндөрдүн үстүн жаап жатышат. Аны менен катар контейнерлердин эшиктери ички тарапка ачылып, жолдор тосулбай калды.

Базарды ирээттөө учурунда ортолукта жайгашкан 56 контейнер жана 23 орундук алынып салынды. Кыскартылган контейнерлердин ээлерине жеке базарлардан соода түйүн сунушталганы менен, ал жакка барууга көпчүлүгү көнгөн эмес. Ошондуктан, базар жетекчилиги аларга жылдырма соода түйүндөрүнө уруксат берди.

Жергиликтүү бийликтин билдиришинче, базарды жылдыруу тууралуу чечим кабыл алынган. Ош шаарынын башкы планына ылайык, аталган базардын орду эс алуу багына айланат. Эми көчүрө турган жер такталса, шаар депутаттарынын сессиясында кароого берилет да, алардын макулдугу менен борбордук базар шаар четине чыгарылат.

Сюжетти даярдагандар: Чынарбек Алипбеков, Нурсултан Абдыкерим уулу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген