Ош шаарынын алдыңкы жаштары сыйланды

Ош шаарында “Өлкөнү өнүктүрүү жаштардын колунда” атуу майрамдык иш-чара уюштурулду. Буга калаадагы студенттер жана жеке ишкер катары таанылган жаштар чакырылган. Аларды куттуктоо үчүн шаар мэри Таалайбек Сарыбашов менен шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов  катышты.

Жетекчилер шаардын өнүгүүсүнө жана жаштар саясатынын калыптанышына салым кошкону үчүн ардак грамота, баалуу белектерин ыйгарышты. Жалпысынан 40га жакын жаштар сыйланды. Иш-чара 10-ноябрь жаштар  17-ноябрь студенттер күнүнө карата өткөрүлдү.

Учурда Ош шаарында 120 миңден ашуун жаштар бар. Аларга түрдүү ийрим, иш-чараларды уюштурууда шаардык мэриянын алдында түзүлгөн жаштар комитети иштеп келет.

Комитет тарабынан бул жылы медициналык, укуктук кеңеш берүүчү акысыз борбор, мээримдүү жүрөк текчелери негизделди.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген