Ош шаарынын “Ак-Буура” волейбол клубу түзүлөт

Ош шаардык мэриясына караган муниципалдык волебол команда түзүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жаңыдан түзүлүп жаткан волейбол боюнча муниципалдык клубдун оюнчуларын жана машыктыруучусун кабыл алды.

Жолугушууда шаар жетекчиси команданын курамы менен жакындан таанышып, алар менен клубдун алдыдагы ишмердүүлүгүн талкуулады.

“ Волейбол боюнча да муниципалдык клуб түзүү демилгеси көтөрүлүп, сунушту шаардык кеңештин сессиясында депутаттар колдоп берди. Ош шаарынын мэриясы клубду ар тараптан колдоп, команданын курамына ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө даярбыз”,- деди Т. Сарыбашов.

Волеболдук  клуб “Ак-Буура” деп аталып,  машыктыруучулукка Алмаз Атабаев дайындалды. Ал эми курамга,  буга чейин волейбол менен профессионалдык деңгээлде машыгып, өлкө чемпиондугунда ойноп жүргөн оюнчулар, сыноолордун негизинде кабыл алынган.

“КРнын Волейбол федерациясынын регламентине ылайык команданын курамы түзүлдү. Клуб шаардык мэрия тарабынан каржыланып, оюнчуларга, машыктыруучуларга жана дарыгерлерине айлык маяна берилет. Келечекте Ош шаарынын намысын республикалык жана эл аралык деңгээлде коргоп, көптөгөн ийгиликтерге жетишебиз деген чоң үмүттөбүз”,- деди клубдун машыктыруучусу Алмаз Атабаев.

Буга чейин Ош шаарында футбол боюнча муниципалдык “Алай” клубу түзүлүп ойноп келген . Эми спорттун волебол түрү боюнча да муниципалдык команда кошулуп, республикалык жана эл аралык мелдештерде шаар атынан катышат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген