Ош шаарынын айрым аймактарында таза суу эки күнгө өчүрүлөт

Бул тууралуу Ош шаардык суу чарба башкармалыгы билдирди. Ага ылайык,  23-октябрь саат 24:00 дөн баштап, 25-октябрь саат 24:00гө чейин таза суу берүү токтотулат.

Мындан улам, суу чарба башкармалыгы шаардыктарга ушул убакытка жете турган сууну камдап алууну эскертет.

“Күзгү профилактикалык ремонттоо иштерине байланыштуу 23-октябр саат 24:00 дөн баштап, 25-октябрь саат 24:00 гө чейин Ош шаарынын “Курманжан -Датка”, “Манас-Ата”, “Туран” аймактык кеңештеринен, “Достук” кичи районунан жана “Калинин” массивинен башка аймактарына таза суу берүү токтотулат”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Ош шаарында ар жылы жаз, күз мезгилинде ичүүчү суу токтотулуп, оңдоо иштери жүрүгүзүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген