Ош облусунун аймагындагы жолдордо түнкү рейд жүрдү. Видео

2019-жылдын 6 ай ичинде эле өлкөдө 261 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 52 адам каза болгон. Мындай кырсыктардын алдын алуу максатында Ош облусунун аймагындагы унаа жолдордо кезектеги түнкү рейд жүрдү.

Рейддин башталышында эле Жол кайгуул кызматкерлери биринен сала бири эрежеге баш ийбеген айдоочуларды токтото баштады. Кармалгандардын көбүнүн айдоочулук күбөлүктөрү же унаага тиешелүү документтеринин жок экендиги белгилүү болду.

Ал ортодо тааныш-билиштерине чалып жардам сурап, анысынан майнап чыкпаган соң, унаасын айып короого киргизүүгө макул болгондору да болду.

Мындай иш-чаралар облус аймагындагы жети райондун баарында өткөрүлүп турат. Башка райондорго салыштырмалуу Кара-Суу районунда унаа кырсыгы көп катталгандыктан, өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.

Улуттук статистика комитети Бишкекте, Чүй облусунда жана Ош облусунда эң көп жол кырсыктары катталаарын аныктаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген