Ош шаарынын 2020-жылга карата бюджетинин коомдук угуусу өттү

Бүгүн, 23-январда, Ош шаарынын 2020-жылга карата бюджетинин коомдук угуусу өттү. Анда шаардын быйылкы жылга карата бюджети, 2021-2022-жылдарга болжолу талкууланды.

Коомдук угууга Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов, бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Батыров, Ош шаарынын биринчи-вице мэри С.Турдуев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Талкуу учурунда шаар тургундары жетекчилерге суроолорду беришти.

Коомчулуктан келген суроо, сунуш-пикирлер Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясында эске алынаары айтылды.

Эске салсак, буга чейин 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү 2019-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 117,3%га өсүп, же болбосо 194 979,0 миң сомго көбөйгөндүгү маалымдалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген