Ош шаарынын 2017-жылга бюджети бекитилди

Ош шаарынын быйылкы бюджети 834 млн 914 миң сом болуп бекитилди. 2017-жылы да мурдагыдай эле социалдык тармакка акчанын басымдуусу бөлүнүүдө. Ал эми тургундар эң көп арызданган жол оңдоого жылдагыдан төрт эсе аз каражат каралды. Шаардагы авариялык абалдагы мектептер болсо жеңил оңдоп-түзөөдөн гана өтөт. Буга быйыл бюджеттеги акчанын былтыркыдан 200 миллион сомго аз болуп жатканы себеп.


“Ынтымак” Ош шаарынын 2017-жылга бюджетиндеги негизги көрсөткүчтөргө байкоо салып, калаа казынасындагы кирешени өткөн жылдарга салыштырып көрдү.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz