Ош шаарындагы Жаштык лагери быйыл 75 баланы гана кабыл алат

Ош шаарындагы жаштык лагеринде быйыл 75 гана окуучу эс алат. Лагерге мындан көп окуучуларды кабыл алуу мүмкүн эмес. Себеби эки жатаканасынын эскилиги жетип, балдардын эс алуусуна мүмкүнчүлүк жок.

Жаштык лагеринде негизи 300 баланы кабыл алса болот. Бирок жатаканаларынын эскилигинен быйыл 75 бала гана эс алат. Ага кошо ашканасы да начар абалда. Лагерге баруучу окуучулар үч баскыч менен барышып, аларды жиберүүдө социалдык абалы оор үй бүлөлөрдүн балдары эске алынат.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлү Салтанат Жүдөшованын айтымында, лагерди капиталдык курулуш башкармалыгы текшерүүдөн өткөрүштү. Жыйынтыгында жатаканалардын имараты биротоло жаңыланмай болууда. Ашкана менен дааратканасы капиталдык ремонтон өткөрүлөт. Долбоорун даярдоо үчүн башкармалык компанияларга тендер жарыялады.

Учурда долбоор даяр эместигине байланыштуу курулушка канча каражат кетери азырынча анык эмес. Бирок шаардык мэрия алдын ала 6 млн сом бөлүп берген. Азырынча 75 баланы кабыл алуу үчүн жатакана жаңыдан сырдалып, керебеттер жайгаштырылды. Эми бассейнге суу толтурулуп, селкинчек, отургучтарды оңдоп коюу жумуштары калган.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын балансында жалгыз гана Жаштык лагери бар. Ал 1968-жылы курулуп, акыркы 6 жылдан бери июнь окуясынан жабыркагандар жашап келишкен. Өткөн жылы шаардык мэриянын чечими менен балдардын эс алуусу үчүн кайра бошотулган.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген