Ош шаарындагы оорукана кызматкерлери үчүн коомдук унаалар уюштурулууда

Ош шаардык мэриясы шаардагы ооруканаларда кызмат кылып жаткан ден соолук сакчылары үчүн коомдук унааларды уюштуруп жатат. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош шаардык мэриясынын чарба, транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Раманов билдирди.

Уюштурулган транспорттор оорукана кызматкерлерин аялдамалардан алып кетет.

“Шаардагы коомдук транспорттор токтогондон кийин оорукана жетекчилерине кызматкерлери үчүн унааларды уюштуруу тапшырмасы берилген. Муну ишке ашырууну Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигине милдеттендиргенбиз”,-деди Урали Раманов.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген