Ош шаарындагы мектептерде компьютер жетишсиз

Жаңы окуу жылы башталары менен Ош шаарындагы мектептерде компьютер тартыштыгы жаралды. Окуу жылына карата бир дагы жаңы жабдык келген жок. Талапка ылайык ар бир мектепте 30дан кем эмес компьютер болуш керек болсо, бүгүнкү күндө ар биринде 10го жетпеген гана техника бар.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын инженер программисти Нурсултан Касымбаевдин айтымында, 53 мектепте жалпы 700 компьютер бар. Бирок алар дагы билим берүү системасындагы жаңы ыкмаларды камтыган программалдарды көтөрө албайт. Мындан улам окуучулар арасында компьютер тартыштыгы күч алып жатат.

“Билим берүү минстрилигинин талаптарына ылайык, мектептердеги окуу жабдыктарын, анын ичинен компьютерди жергиликтүү бийлик өкүлдөрү камсыздап бериш керек. Буга байланыштуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгы техника  жетишсиздиги боюнча шаардык мэрияга буга чейин кайрылышкан. Бирок эки жылдан бери убада аткарылган жок”, – деди Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Авазбек Асанов.

Ош шаардык мэриясы болсо шаардык кеңештин кезектеги сессиясында компьютер сатып алууга каражат сурарын билдирди. Казынадан бөлүнгөн суммага шаардагы билим берүү тармагындагы жетишсиздиктер толукталат.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген