Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсү 20 күнгө жабылат

Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсү 20 күнгө жабылат. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош шаардык жылуулук электр борборунан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, Ош шаардык жылуулук электр борборунун Курманжан датка көчөсүндөгү магистралдык жылуулук тармактарынын түтүктөрүн жаңылап алмаштыруу жумуштары жүргүзүлөт.

Андыктан 5-июндан 25-июнга чейин Курманжан датка көчөсү М.Аматов көчөлөрүнүн кесилишинен баштап М. Нургазиев көчөлөрүнүн кесилишине чейин жол жабылат.

Автоунаалардын кыймылы Ленин жана Э. Алиев көчөлөрү аркылуу жүргүзүлөт.

автор: DZh

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.