Ош шаарындагы кафеден өрт чыкты. Фото

Бүгүн, 14-февраль күнү Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Чынар” кафесинде өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө саат 09:43тө КР ӨКМнин Ош шаардык №12 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмунөн  1 бөлүм, саат 09:45те КР ӨКМнин Ош шаардык №13 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 09:47те КР ӨКМнин Ош шаардык №12 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 09:59да Ош шаардык №13 АӨКБдан 1 бөлүм, кошумча саат 10:00дө КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ КБПунаасы менен чыкты.

Жалпы өрттү өчүрүүгө 4 бөлүм тартылды.

Өрт саат 10:10до чектөөгө алынды. Өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген