Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө домофон орнотулуп баштады

Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө домофон орнотулуп баштады. Ал үчүн үйлөрдүн жашоочулары шаардык мэрияга арыз жолдошу керек. Мунун негизинде домофон орнотууга кеткен каражаттын 30 пайызы жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Калган 70 пайызын тургундар өздөрү толукташы керек.

Биринчилерден болуп “ЖИМ” көчөсүндөгү 3-үйгө орнотулду. Домофонго жалпысынан 58 миң сом сарпталган. Ошондо 30 пайызынан сырткары батир ээлеринин ар бири 2 миң сомдон акча коротушту.

Алдыда шаардагы 650 көп кабаттуу үйдүн бардыгы домофон менен камсыздалат. Шаар жетекчилери кийинки жылдын башында жергиликтүү казынадан домофон орнотууга өзүнчө каражат бөлүнөөрүн айтышты. Учурда бул иштер башка кошумча каржылоолор үчүн бөлүнгөн 10 миллион сомдун эсебинен аткарылууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген