Ош шаарында эки көп кабаттуу үй толук оңдоодон өттү

Ош шаарынын Т. Кулатов кичи шаарчасындагы эки көп кабаттуу үйдүн сырты боелуп, балдар аянтчасы курулууда. Мындан сырткары эшиктери жаңыланып,канализациялык тутумдары жаңыланып, жолдоруна асфальт басылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Учурда Ош шаарынын мэри, Таалайбек Сарыбашов көп кабатттуу үйлөрдүн  кандай болушу керектиги боюнча тургундарга түшүндүрүү иштерин жасап, пайдаланууга берүүдө.

Кеткен каражаттын 50 пайызын жашоочулар чогултса калган бөлүгү жергиликтүү бийликтин бюджетинен бүткөрүлгөн.

Ош шаарында жалпы 600 дөн ашуун көп кабаттуу үй бар.  Алдыда алардын баарын оңдоодон өткөрүү пландалууда. Ал үчүн жашоочулар өздөрү жергиликтүү бийликке арыз менен кайрылуусу керек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген