Ош шаарында 14 аял “Баатыр эне” орденин алды

Ош шаарындагы  30 аял  “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдарын алышты.  Сыйлыктарды Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырды. 

“Энелер — нарк-насилдүү, оор басырыктуу, айкөл адамдар. Дени сак улут эне аркылуу калыптанат. Саламаттык, бейпилдик, токтоолук энелер аркылуу келет. Адам баласы төрөлгөндөн тарта өмүрүнүн акырына чейин “Эне” деген сөздү ооздон түшүрбөйт. Кубансак кубанычыбызга, кайгырсак кайгыга ортоктош, бассак –турсак өз мээримине бөлөгөн энелер ар дайым бар болушсун”, – деди Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев.

Жалпы  30 аял сыйланып, анын 14нө “Баатыр эне” ордени берилсе калганына “Эне даңкы” медалы тапшырылды. Учурда Ош шаарында 700гө жакын баатыр эне , 300дөн ашуун “Эне даңкы” медалынын ээлери  бар.

Май айында өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков  1354 аялга  мамлекеттик баатыр эне орденин , 454үн “Эне Данкы” медалы менен сыйлаган эле. Белгилей кетсек, алты баланы  тарбиялагандар медаль менен ал эми 7 же андан көп балалуулар мамлекеттик орден менен сыйлана алышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген