Ош шаарындагы базарлар бир күнгө жабылат. Себеби айтылды

22-июнь күнү Ош шаарынын борбордук базары, “Келечек” базары бир күнгө жабылып, дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Мындан тышкары кичи базарлары да дезинфекцияланат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тиешелүү кызматтарга тапшырма бергенин мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

“Шаардагы базарларда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, рейддер өтүүдө. Базарларда беткапсыз жүргөн адамдардын саны көбөйүп, кайдыгерлик орун алууда”, – деп айтылат маалыматта.

Ош шаарынын мэриясы жарандарды санитардык-гигиеналык талаптарды сактоого чакырат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген