Ош шаарындагы балдар инфекциялык ооруканасы убактылуу жабылат

Ош шаарындагы балдар инфекциялык ооруканасы дезинфекциялоочу иш-чараларды жүргүзүү үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу республикалык штабдан белгилүү болду.

Мындай чара оорукананын медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус инфекциясынын катталышына байланыштуу кабыл алынды.

Соматикалык жана инфекциялык оорулары менен жаткан бейтаптар Ош облустар аралык клиникалык балдар ооруканасына жиберилет. Андан тышкары, Кара-Суу балдар ооруканасынын профили инфекциялык стационарга кайра алмаштырылат.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан медицина кызматкерлеринин оору жуктуруу фактысы боюнча кызматтык изилдөө жүргүзүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген